Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өз каалоосу менен отставкага кетти.
Министр өз каалоосу менен 23-майда арыз жазып, премьер-министр колдоого алгандыгы кабарланды. Министрдин кызматтан кетишине ден соолугу себеп болгон.