Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун баш коргоо чарасы аныкталып, 1 айга камакка алынды.
Чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылды. Ага ылайык, Атаханов 26-июнга чейин жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Шамил Атаханов 21-майда Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган.