Жаңылыктар
Жээнбеков: ШКУнун маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло алат
Саясат
Жээнбеков: ШКУнун маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло алат

ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло алат. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн медиафорумунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Мамлекет башчы медиа өкүлдөрүнүн эмгегин жогору баалай тургандыгын баса белгилеп, сиздер биздин өлкөлөр үчүн гана эмес, бүт дүйнө үчүн чоң иш жасап жатасыздар - деди. Президент кошумчалагандай, жарандар дүйнөнү журналисттердин көз карашы менен көрөт. Ошондуктан маалымат каражаттарынын позицияларынан, жопокерчилигинен ар бир өлкөнүн, мамлекеттер ортосундагы маанай дагы көз каранды - деди өлкө жетекчиси.

Кыргыз Республикасынын Президенти:

"Сиздерге белгилүү болгондой, ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири – бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу. Бул милдетти ишке ашырууда абдан чоң роль массалык маалымат каражаттарына тиешелүү. ЖМКлар ачык диалог түзүүгө, биздин коомдор ортосунда бири-бирин түшүнүүгө көмөктөшөт. Сөз иш жүзүнө ашуу касиетине ээ. Сөз дайым курч курал болгон: сөз адамды жок кылат жана сөз жаратуучу боло алат. Мен бардыгыңыздарды сиздердин улуу миссияңарды жогору чындык жана чоң жоопкерчилик менен алып барууңуздарды чакырам. Сиздер келген ШКУнун ар бир өлкөсү гүлдөп өсө берсин!”