18 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргыз курама командасы Россияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат.
Маалыматка ылайык, ФИФАнын мурдагы вице-президенти Валентин Гранаткиндин жаркын элесине арналган мелдешке жалпы 12 курама команда катышат.
Санкт-Петербург шаарында өтө турган мелдеш 4-июндан 14-июнга чейин уланат. Ага Аргентина, Болгария, Гвинея, Греция, Индия, Иран, Кыргызстан , Молдова, Польша, Түркия жана Россия командалары барат.