Жаңылыктар
Чек арада аткезчилик жол менен ташылган ири өлчөмдө тамеки кармалды
Чек ара
Чек арада аткезчилик жол менен ташылган ири өлчөмдө тамеки кармалды

Баткенде Тажикстандын акциздик маркасы чапталып, аткезчилик жол менен ташылып бараткан ири өлчөмдөгү тамеки кармалды.  Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка  каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, текшерүүгө алынган «Тойота Камри» жеңил автомашинасынан Ротманс  маркасындагы, 16 миң куту тамеки табылган. Кармалган  тамеки товарынын дүң баасы 800 миң сом деп бааланууда. Бул факты боюнча сотко чейинки иш-чаралар жүрүүдө.