2022-жылга чейин спорт менен машыккан жарандардын санын 22 пайызга көтөрүү - "Спорттук Кыргызстан" программасынын негизги максаты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.
Эми спорт менен машыккан жарандардын санын көбөйтүү менен 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарында алдыңкы орундарды ээлеп, ошол эле жылы өтчү Азия оюндарында 5 жогорку байгени багынтууну көздөп жатышат.