Жаңылыктар
Абылгазиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Абылгазиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, учурда курулуш долбоорунун үчүнчү фазасы ишке ашырылууда. Анда узундугу 69,7 киллометр Эпкин - Баш-Кууганды участогу, ири транспорттук коридорлорунун ортосу бириктирилүүдө. Ишти 2022-жылга карата аяктоо пландаштырылган. 

Өкмөт башчы масштабдуу инфратүзүмдүк объекттин маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын баса көрсөттү. "Жол-курулуш иштерин тездетип, курулушту өз убагында, сапаттуу жана толук көлөмдө аяктоо зарыл", – деди Премьер-министр.