Жаңылыктар
Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери жаңы нукта иштеп баштады
Ден соолук
Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери жаңы нукта иштеп баштады

Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери акыркы убактарда жаңы нукта иш алып бара баштады. Эми мурдагыдай болбой, ата-энеси менен балдарын бир эле врач көзөмөлдөп калды. Бул үчүн ак халатчандар билимин да, тажрыйбасын да жогорулатышты.

Адамдардын ден-соолугуна кам көрүүдөн ырахат алган Чолпон Иманканова жаңыча иштөөгө араң көнүп жаткандыгын айтат. Бул ыкма дарыгерлер менен бейтаптар үчүн ыңгайлуу, анткени ата-энеси менен балдарынын ооруларын, айрыкча тукум кууган дарттарды тез жана оңой аныктоого болот дейт.

Дагы бир жаңылык! Дарыгерлердин айлыктары мурдагыдай категориясына, тажрыйбасына жараша эмес, бейтаптардын санына жана аларды сапаттуу дарыланышына карата берилет. 

Индикатор боюнча айлык алуу жаңы бүтүп иштеп жаткан жаш адистерге жагууда. Жаңы нукта иштөөдө жетишпестиктер да жетиштүү. 

Кезекте көпкө турбай, үй-бүлө мүчөлөрүн чогуу кабыл алганы бейтаптарды ынандырууда 

Аралаш кабыл алуунун натыйжалуулугун эл өзү таразалап алат. Эн башкысы ооругандар аз болсун.