Жаңылыктар
Быйыл ЕАЭБдин түзүлгөнүнө беш жыл толду
Экономика
Быйыл ЕАЭБдин түзүлгөнүнө беш жыл толду

Быйыл Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөнүнө беш жыл толду. 2014-жылдын 24-майында Евразиялык Экономикалык Биримдик Келишимине Орусия, Казакстан жана Беларусь мамлекети кол койгон. Кийинки жылы Армения, анан Кыргызстан уюмдун толук кандуу мүчөсү болгон. Беш жылда ЕАЭБ аймактагы таасирдүү экономикалык уюм экенин далилдей алды. 

Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлүп, иштеп жатканына беш жыл болду. Бул мөөнөт бир караганда саналуу убакыттай болгону менен артка карап кылчайып жыйынтык чыгарып, ишмердүүлүгүнө баа берсе болот. Уюмга мүчө мамлекеттер басып өткөн кадамга саресеп салган талдоочулар ЕАЭБ чөлкөмдөгү соода-экономикалык кубаттуу уюмга айланды деп баа берүүдө.

ЕАЭБ-бул 180 миллион калкы бар рынок. Чек аралар ачылып, бажы, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзмөлдөр алынып салынганы уюмга мүчө мамлекеттер товарларды эркин ташууда. Албетте чек аралардагы майда барат көйгөйлөр бара-бара жөнгө салынууда. Дүйнөлүк экономикалык тобокелчиликтерге карабай 2018-жылы жетишилген социалдык экономикалык жыйынтыктар жаман эмес. Ички дүң продукция 2,5% га өскөн, Үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү 19%га, ал эми уюм ичинде өз ара товар жүгүртүү 9% жогорулаган.

Талдоочулар Кыргызстан уюмга кошулуу менен өлкө экономикасын өргө тартууга чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болду деген пикирде. Учурда Кыргызстандан өндүрүлгөн товарларга ЕАЭБ ичинде суроо-талап жогору. Өзгөчө экологиялык таза айыл чарча азыктарынын экспортко чыккан көлөмү жогорулады. Бул сүт жана сүт азыктары, бал, жашылча, жер-жемиштер, кургатылган жемиштер, балык жана башка азыктар. Жакындан тартып чийки эт экспотко кетет. Бул натыйжарага жетүү үчүн Кыргызстан көлөмдүү иштерди жасады-дейт экономисттер.

Эң көп көлөмдө ЕАЭБ алкагына экспорттолуп жаткан атамекендик продукциянын бири кийим кечелер. Ага чейин эле рынокто өз ордун тапкан жеңил өнөр жайчылар ЕАЭБге кошулганы экспортту эки эсеге көбөйттү. Дагы бир маанилүү жетишкендиктен бири Орусияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизге берилген жеңилдиктер. Ээн-эркин иштегенге мүмкүнчүлүк берилди. Жакында бирдей укук бериле турган пенсиялык камсыздоо боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул уюмдун ичинде эмгектенген жарандарыбыз жаш курагы жеткенде пенсия менен камсыз болот-дегендик.

Бара-бара уюмга кирген мамлекеттер кызматташуу максатында биргелешкен өнөр жай ишканаларын ачууга далаттанып жатат. Жакында Евразиялык экономикалык биримдиктин 5 жылдык мааракелик саммити Нурсултанда өтөт. Беш жылда уюм чөлкөмдөгү келечектүү ири экономикалык, гуманитардык беделдүү уюмга айлана алды. Мындан улам ЕАЭБдин катарына Иран, Кытай өңдүү экономикасы күчтүү мамлекеттер кошулууга ниеттерин билдирген.