Жаңылыктар
Казакстанда батут оодарылып кетип 1 өспүрүм мерт кетти
Кырсык
Казакстанда батут оодарылып кетип 1 өспүрүм мерт кетти

Казакстанда катуу шамал балдар ойноп жаткан батутту учуруп кетип, 11 жаштагы өспүрүм мерт кетти. Дагы 2 бала жаракат алган. 

Каргашалуу окуя Караганда шаарындагы Борбордук паркта 25-майда кечке жуук болгон. Шаарда катуу шамал башталганына карабай батут ээлери билет сатууну токтоткон эмес. Окуянын күбөлөрү катуу шамал батутту асманга учуруп, конструкция оодарылып кеткенин, 11 жаштагы бала 10 мүнөттөн кийин эс учун жоготкон абалда табылганын айткан.