Жаңылыктар
Боом капчыгайында таш кулады
Кырсык
Боом капчыгайында таш кулады

Боом капчыгайында таш кулады. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Окуя 26-майда болжол менен таңкы саат 5:30дарда Бишкек - Нарын - Торугарт жолунда болгон. Таш автоунаага түшүп, бактыга жараша айдоочу аман калган. 

Окуя болгон жерде министрликтин бригадасы иштеп, жолду тазалап жатат.