Жаңылыктар
Филармониянын тегерегин оңдоп-түзөө жумуштары кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Филармониянын тегерегин оңдоп-түзөө жумуштары кызуу жүрүүдө

Бишкек шаарын көрктөндүрүү иштеринин алкагында филармониянын тегерегин оңдоп-түзөө жумуштары кызуу жүрүүдө. "Бишкекасфальтсервис" кызматы тарабынан брусчатка алмаштырылып, мозаиканы реставрациялоодо. Таш тепкичтери жана "Манас" айкели тазаланууда. 

Эске салсак, улуттук филармонияда июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун президенттеринин саммити өтөт.