Жаңылыктар
Нарын: он жылдык бүтүрүүчүлөр бала бакчага ашкана куруп беришти
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: он жылдык бүтүрүүчүлөр бала бакчага ашкана куруп беришти

Нарын районундагы Жылан-Арык айылындагы К.Жусупов атындагы орто мектебин мындан 10 жыл мурда аяктагандар айылдагы бала бакчага 340 миң сомго жаңы ашкана куруп беришти.

Ашкана заманбап үлгүдө салынып, тамак даярдоого жана балдардын тамактануусуна бардык шарттар түзүлгөн. Ашкананын ачылышына айыл өкмөт башчысы жана райондук, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, айыл тургундары катышты. Анда чыгып сүйлөгөндөр бүтүрүүчүлөргө ыраазычылыктарын билдирип, ак баталарын беришти.

Учурда бала бакчада 11 кызматкер эмгектенип, 30 бала тарбияланууда. Айылда 200дөн ашуун түтүн эл жашайт.