Жаңылыктар
Өкмөт башчы чек арачылардын кызмат өтөө шарты менен таанышты
Чек ара
Өкмөт башчы чек арачылардын кызмат өтөө шарты менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында «Муз-Төр» чек ара кызматына жана «Торугарт» бажы өткөрмө-көзөмөл пунктуна барды. «Торугарт» постунда модернизациялоонун алкагында сатып алынган жабдуулардан тышкары фитосанитардык коопсуздук, транспорттук, санитардык-карантиндик жана ветеринардык көзөмөл пунктарынын иши менен таанышты. 

Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чек араларын модернизациялоо жана жабдуу программасынын алкагында бул участокто идентификациялык-кароо комплекси курулуп жатат. Учурда жабдууларды монтаждоо иштери жүрүүдө. Курулуш ушул жылдын август айында аяктайт.

Премьер-министр участоктогу бардык курулуш-монтаждоо иштерин сапаттуу, толук көлөмдө жана мөөнөтүндө аткарууну тапшырды. Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле «Муз-Төр» чек ара кызматынын административдик имаратынын абалы, аскерлердин кызмат өтөө шарты менен таанышты. 

Андан тышкары, «Муз-Төр» чек ара кызматынын социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.