Жаңылыктар
Кыргыз товарлары Москва базарында
Экономика
Кыргыз товарлары Москва базарында

Москвада Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ири соода борбору ачылды. Базарда ЕАЭБке кирген мамлекеттер үчүн павильондор берилген. Ал жерде кыргыз дыйкандары өндүргөн продукциялар дагы сатылууда. 

Бул Москва шаарындагы жер-жемиштер менен башка азыктар дүнүнөн сатылуучу ири соода борбор. Сатылып алынган товарлар Москвадагы дүкөндөргө, соода маркеттерге коюлат. Башка дагы облус, региондорго да ташылып кетет экен. ЕАЭБ кирген мамлекеттин өкүлдөрү өз жеринде өндүрүлгөн азык-түлүк продукцияларын сатууга атайын орундар каралган. Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения өлкөлөрүнүн павильондору жабык турат. Кыргызстан алгачкы болуп өзүнө тийиштүү соода жайдын тушоосун кести.