Жаңылыктар
КМШ мамлекеттеринин жыйыны Ашхабад шаарында өтөт
Саясат
КМШ мамлекеттеринин жыйыны Ашхабад  шаарында өтөт

31-майда,  Ашхабад  шаарында  көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин  Өкмөт башчыларынын  Кеңешинин  жыйыны  Түркмөнстандын  төрагалыгы  алдында өтөт.   

Бул  тууралуу  КМШ  Аткаруу комитети  билдирди.  Маалыматка ылайык, делегация өкүлдөрүнүн тар форматында жолугушуу пландаштырылган. Анда КМШдагы экономикалык өнөктөштүктүн актуалдуу багыттарын талкуулап, кезектеги жыйынды өткөрүү күнүн жана ордун макулдашат. Ошондой эле өкмөт башчылары көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу өлкөлөрүнүн терроризмге каршы борборунун жетекчисинин биринчи орун басарын дайындоо жөнүндө чечим кабыл алышаары болжолдонууда.