Жаңылыктар
Жумгал: Кызыл-Жылдыз айылында хоккей аянты курулуп жатат
Спорт
Жумгал: Кызыл-Жылдыз айылында хоккей аянты курулуп жатат

Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында 1 млн сомго хоккей аянты курулуп жатат. Айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаевдин айтымында, аянттын курулушу үчүн республикалык бюджеттен 800 миң сом бөлүнгөн. Калган каражат жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат.

«Бөлүнгөн каражатка тендер жарыяланды. Учурда аянттын 70-80%ы бүтүп калды. Буюрса айылда спорттун дагы бир түрү жанданып, жаштарга жакшы шарт түзүлмөк болду», - деди ал.