Японияда жүк ташуучу кемелер кагышып, экипаждын 4 мүчөсү дайынсыз болууда. Окуя Тынч океанда, Токионун чыгыш тарабындагы, Тиба префектурасына жакын жерде катталган. Кырсыктан бир кеме чөгүп, 4 экипаж мүчөсү дайынсыз жоголду.
Калың тумандан улам болгон начар көрүү окуянын келип чыгуусун шарттаган. Чөккөн суу кемеси 1миң 600 тонна жүктү Осака шаарына жүктөп бара жаткандыгы айтылат.