Жаңылыктар
Талант Дүйшөбаевдин командасы Польшанын чемпионатын жеңип алды
Спорт
Талант Дүйшөбаевдин командасы Польшанын чемпионатын жеңип алды

POST1RIGH Кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин «Виве Кельце» командасы  гандбол боюнча Польшанын чемпионатын жеңип алды. 

25-майда Жогорку лига оюнунда «Виве Кильце» командасы менен Плоцк шаарынын «Висла» командасы  оюн өткөрдү. 

Биринчи оюнда эки команда 26:26 упай  менен тең  чыгышкан.  Жооптук оюнда Талант Дүйшөбаевдин командасы өз аянтында атаандашын кабыл алган. Оюндун жыйынтыгында 32:25  эсеби менен өлкөнүн жеңүүчүсү аталган. 

Талант Дүйшөбаев 2014-жылы польшалык клубдун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. Андан бери   анын командасы 6 жолу өлкөнүн чемпионатын уткан.  «Виве Кильце» командасы Польшанын чемпионатын 11 жолу жеңген.