Жаңылыктар
Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд. сом бөлөт
Аймак
Өкмөт аймактарды  өнүктүрүүгө 2 млрд. сом бөлөт

Кыргыз  Өкмөтү  быйыл  аймактарды  өнүктүрүүгө 2 млрд. сом бөлөт. Бул  тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин  жыйында  билдирди. 

Анын белгилешинче,  2019-жылга карата бир катар милдеттер белгиленген, алар аймактарды өнүктүрүүгө, 20 «өсүү чекити» шаарларды өнүктүрүү иш-чаралар планын ишке ашыруу каралган. Бул багытта  Аймактардын жана шаарлардын экономикасына инвестицияларды тартууга багытталган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл. Шаарларды өнүктүрүү программалары министрликтер жана ведомстволор тарабынан иштелип чыккан Иш-чаралар планы менен шайкеш келиши шарт.