Жаңылыктар
Президент маданият объектилерин оңдоп-түзөөгө өзгөчө көңүл бурат
Маданият
Президент маданият объектилерин оңдоп-түзөөгө өзгөчө көңүл бурат

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын абалы менен таанышты.

Мамлекет башчысы борбор калаанын маданий объектилерине барууну улантууда. Эске салсак, буга чейин ал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрына барган. Филармониянын имаратындагы ремонт тууралуу Президентке Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Улуттук филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов айтып беришти. Айланасын жакшыртуу боюнча маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов берди.

Алар маалымдашкандай, филармониянын имаратындагы оңдоо иштери толугу менен бүткөрүлдү, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуу тутуму, артисттердин бөлмөлөрү оңдоп-түзөлдү. Министр Азамат Жаманкулов белгилегендей, учурда сметалык документация жыйынтыкталып, опера жана балет театры, кыргыз жана орус драма театрларынын ремонтуна тендер жарыяланды. Президент Сооронбай Жээнбеков имаратты карап чыккандан кийин борбор калаанын маданият объектилерине мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи. Бул жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театры ремонттолот.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, театрлардын имараттары 1970- жана 1972-жылдары колдонууга берилгенден бери бир да жолу толугу менен оңдолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу 1978-жылы оңдоп-түзөөдөн, 2016-2017-жылдары жарым-жартылай оңдоп-түзөлдү. Филармония акыркы жолу 2007-жылы ремонттолгон.