Жаңылыктар
Президент Жээнбеков улуттук филармонияга барды
Маданият
Президент Жээнбеков улуттук филармонияга барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга барды. 

Сооронбай Жээнбеков имаратты карап чыккандан кийин борбор калаанын маданият объектилерине мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи. 

Филармониянын имаратындагы ремонт толугу менен бүткөрүлдү, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуучу система, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдоп-түзөлдү.

  Мамлекет башчы борбор шаардагы  маданий объектилерге барууну улантууда. Буга чейин ал Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрлардын абалы менен таанышкан.