Жаңылыктар
Москвада аялдарга жардам берүүчү борбор ачылды
Мекендештер
Москвада аялдарга жардам берүүчү борбор ачылды

Москва шаарында мигрант аялдарга укуктук жана социалдык жактан жардам берүү боюнча борбордун ачылышы болду. Расмий маалыматтарга таянсак, Россияда эмгектенип жүргөн аялдардын саны 235 миңге жакын. Турмушта аларды ар дайым эле ийгиликтер күтө бербейт. Айрым учурда азаптуу тагдырга да туш кылат. Алардын көбү медициналык жана психологиялык жактан жардамга муктаж.

Ошентип, биздин каарман Москва шаарынын бир батиринде өзүнө окшоп иш издеп келген мекендештери менен чогуу туруп калат. Бир жыл бою баш көтөрбөй майрам же эс алуу эмне экенин билбей иштейт. Ошентип чогуу жашагандардын бири менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп калат. Абдан камкор, жумшак мүнөз адам болуп көрүнгөн жигитти, жакшы көрүп калганын жашырчу эмес.

Боюнда бар экенин билгенде, жандап жүргөн жигити дайынын таптырбай кеткен. Ошентип, тогуз ай көтөрүп, көз жарып, айласы түгөнгөндө төрөт үйүнө наристесин таштап кетүүнү чечет. Бирок, тагдырына боорукер адамдар жолугуп, чогуу жашоого уруксат берип, ага кам көрө башташкан.

Тилекке каршы, мындай окуялар аз эмес. Ар жылы ата энесинен жерилген балдардын саны да азайбай, Россия менен Кыргызстандын балдар үйүнө тапшырылууда. Бул бир жагы. Экинчи жагынан, мигранттар балдарын алыс туугандарына же кошуна-тааныштарына таштап кеткен учурларда, психолгиялык эле эмес физикалык жактан да оор жабыркап, айрым учурда сексуалдык жактан кордоого туш болуп жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт.

Активист айымдар укуктук жана социалдык жактан жардам бере турган бул жаңы ачылган борбор тууралуу кенен маалымат беришти. Саамалык Энелер күнүн утурлай да уюштурулган. Жогоруда сөз болгон кыздын тагдыры ар тараптан сабак болушу абзел. Анткени, ар бир жаралган наристенин бакубат үй бүлөдө өсүшүнө ата-энеси милдеттүү. Бирок, ал милдетти ким канчалык түшүнөт? Бул собол ар кимдин өз абийиринде калууда.