Жаңылыктар
Башкы прокуратура Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча түшүндүрмө таратты
Кылмыш
Башкы прокуратура Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча түшүндүрмө таратты

Башкы прокуратура УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча түшүндүрмө таратты. Ал маалыматта Дамир Мусакеев 2016-2017-жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгын жетектеп туруп, кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө "Турак жай" кодексин одоно бузганы жазылат. Тактап айтканда, үй алыш үчүн алдыңкы кезекте турган кызматкерлерге турак жай тийбей калган. Жыйынтыгында 15 кызматтык батир туура эмес бөлүштүрүлүп, анын ичинен үч кызматкер эки жолу үйлүү болгон. Ал эми алдыңкы сапта кезекте турган 18 кызматкерге турак жай берилген эмес. Башкы прокуратура Мусакеевди мындай аракети менен мамлекеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, жарандардын социалдык калыстыкка болгон ишенимин жоготкон деп айыптоодо.

Бул фактылар жабыркагандардын арызынын негизинде кызматтык териштирүүлөрдөн кийин аныкталган. 2018-жылдын 27-ноябрында Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгында 2019-жылдын 7-февралында Аскер прокуратурасы Мусакеевге Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмышка шектүү катары каралып жатканын маалымдаган. 

Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту Мусакеевдин бөгөт чарасын карап, ага белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу шарт коюлган. 2019-жылдын 2-апрелинен 24-майга чейин он соттук отурум өтүп, 49 күбө, 18 жабырлануучу суралган. Башкы прокуратура соттук териштирүүдө шектүүнүн күнөөсү фактылар менен далилденгенин билдирет. 24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган.