Жаңылыктар
Бишкектин батирлерине ысык суу убагында берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин батирлерине ысык суу убагында берилет

Бишкектин батирлерине ысык суу кечиктирилбестен өз убагында берилет. Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому билдирди. Белгилей кетсек, ысык суу 6-майдан 6-июнга чейин өчүрүлгөн. Бул жыл сайын кышкыга карата жасалчу профилактикалык иш болуп саналат.

Ишкананын маалымат кызматы бардык иштер өз маалы менен жүргүзүлүп, ысык суу да убагында, 6-июнда берилерин эскертти.