Жаңылыктар
КТРК: Байкоочу Кеңештин отчету жактырылды
УТРК жаңылыктары
КТРК: Байкоочу Кеңештин отчету жактырылды

КТРКнын Байкоочу Кеңешинин 2018-жылдагы аткарган иши тууралуу отчёту Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жактырылды. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетте Байкоочу Кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев маалымат берип, былтыркы жылдагы КТРК тарабынан аткарылган иштерди тизмектеди. 

Эл өкүлдөрү тарабынан көрсөтүүлөрдүн мазмуну, жарнактарга байланыштуу сунуш-пикирлер айтылды. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү отчётту колдоп, эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмай болду.