Жаңылыктар
Кочкордун Кызыл-Дөбө айылынын окуучулары "Артек" лагеринде эс алышат
Аймак
Кочкордун Кызыл-Дөбө айылынын окуучулары "Артек" лагеринде эс алышат

Нарындын Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында 9-10-класстын окуучулары үчүн сынак жарыяланды. Алар үч багытта дил баян жазышты. Мыкты деп табылган эки окуучуга Орусиянын Крым шаарына барып, эс алып келүүгө тастыктама тапшырылды. Уюштуруучулар мындай сынактар дагы уланаарын белгилешти.Бул күн Кызыл-Дөбө айылынын 9-10-классынын окуучулары үчүн өтө чоң толкундоо жаратты. Анткени, дил баян сынагынын жыйынтыгы бир гана мыктыларды аныктабастан, алдыдагы жыйкы эс алууну пайдалуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Сынактан утуп чыккан Айнура менен Светлана 9-классты аякташты. Эми алар Орусиянын Крым шаарына барып, эс алып келишет. Билимге умтулган окуучулар үчүн бул чек эмес. Уюшулган саамалык алардын билимге болгон ынтызаарлыгын күчөтөт.

Саамалык Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылындагы мектепте өттү. Ага 9-10-класстардан жыйырмадан ашык окуучу катышты. Сынактын шарты боюнча үч багыттагы темада дил баян жазылды. Иш-чара кайрымдуулук фонду тарабынан уюшулду. Максат - окуучуларды билим алууга дем берүү.