Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок"
Чек ара
Сооронбай Жээнбеков: "Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок"

28-май Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн күнү. Мындан туура жыйырма жыл мурда кыргыз чек арачылары мамлекеттик чек араны өз алдынча коргоого өтүшкөн. СССРдин урашы, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин түзүлүшү жана түптөлүшү жаңыча көз караштардын пайда болушуна өбөлгө түзгөн. 

1999-жылдын 28-майындагы "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө" Жарлыкка ылайык, мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу, эгемендикти, бүтүндүктү жана өлкөнүн кол тийбестигин камсыздоо максатында Кыргызстандын Чек ара кызматы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик чек ара кызматынын чек арачылары Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен мамлекеттик чек араларды кайтарып келишет.

Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок. Мындай сөзүн президент Сооронбай Жээнбеков 28-майда, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта айтты. Өлкө жетекчиси куралдуу күчтөрдүн жана чек ара кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мамлекеттик чек ара кызматы 20 жылда өлкөнүн сырткы чептерин коргоонун ишенимдүү кепили катары калыптанганын жана чек арачыларыбыз баатырдык барактарга толгон, өзүнүн сыймыктуу тарыхын жаратканын белгиледи.
Президент Чек арачы болуу, Ата мекендин сырткы чегин коргоо – өтө татаал, бирок, өзгөчө сыймыктуу миссия. Өз мекенине берилгендикти, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылаарын айтып, чек арачылардын даңазалуу тарыхын катардагы офицерлер жана жоокерлер жаратып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал мекен алдындагы өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, баатырларча курман болгон 39 чек арачыны эскерди.
"Бүгүн аты аталбай калган чек арачылардын элесине башыбызды ийип, таазим этебиз. Ар кандай терроризм жана экстремизм коркунучтары болуп жаткан мезгилде чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок. Мамлекеттик чек арабызга, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө - учурда аскердик эмес, көбүнчө криминалдык жана экстремисттик-террористтик мүнөздөгү коркунучтар жаралып жатат. Чек арада ар түрдүү деструктивдүү күчтөр мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемдигин, чек арачылардын эркин текшерүүдө. Өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн, биринчи кезекте, чек арабыз бекем болушу зарыл",- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.