Жаңылыктар
Чек арачылардын күнү Ошто да белгиленди
Чек ара
Чек арачылардын күнү Ошто да белгиленди

Чек арачылардын күнү Ошто да белгиленди. Кесип ээлерин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттукташты. Султан Ибраимов атындагы драма театрда белгиленген иш-чара майрамдык шаң менен коштолду. Чыгып сүйлөгөндөр мамлекеттин чегин коргоого салым кошуп, мекен сакчылыгында турган чек арачылардын ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалашты. Чек арачыларга шаардык мэрия тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

"Жыл сайын чек арачылардын шарттары жакшырып келе жатат. Техникалык база да чыңдалууда",- дейт Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Адылбек Сейдалиев.