Жаңылыктар
ШКУ Таш-Рабат тарыхый жайын даңазалайт
Маданият
ШКУ Таш-Рабат тарыхый жайын даңазалайт

Шанхай Кызматташтык Уюму туристтик сегиз кереметти даңазалайт. ШКУга мүчө сегиз өлкө тарыхый-архитектуралык, туристтик жайларды биргелешип жарнамалоону сунуштоодо. Кыргызстан Ат-Башы районунда жайгашкан Таш-Рабат тарыхый жайын уюмдун жардамы менен таанытууну максат кылууда. Ошондой эле, Ысык-Көлдү даңазалоо да колго алынат.

“Бул Шанхай кызматташтык уюму тарабынан демилгеленген маанилүү долбоор. Индия улуттук кереметтерди даңазалоону, маанилүү туристтик каттамдарды ачууну жана туристтик продукция, товарларды сатууга байланыштуу сунуштарды берген”,- дейт Индиянын туризм министрлигинин өкүлү Венкатесан Дхаттарейан.

“Эмне үчүн Таш-Рабатты тандап жатабыз. Себеби, ал керемет жайлардын бири, Улуу Жибек жолунда жайгашкан. Ошондой эле, Ысык-Көлдү даңазалоо да колго алынат”,- деди Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу.