Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына барды. Мамлекет башчысы Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулайт.

Нур-Султан шаарында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракелик жыйынында эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү маселелери каралат. ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.