Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция пунктунда эки милиция 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу “Биринчи радиого” ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-майда милиция акча талап кылып жаткандыгын айтып , жергиликтүү турган арыз менен кайрылган. Тартип сакчылары андан 30 миң сом акча талап кылышкан. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.