Жаңылыктар
Ош шаары түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн көзү менен
Маданият
Ош шаары түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн көзү менен

Ошко түрк дүйнөсүнө белгилүү сүрөтчүлөр келди. Сүрөт чеберлери шаардын символу болгон Сулайман-Тоодон баштап, калаадагы кооз аймактарды кагаз бетине түшүрүшөт. Эмгектерин Ош шаарына белек иретинде таштап кетет. Иш-чара 2019-жыл үчүн "Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" жараянынын алкагында өтүп жатат. Мындай чечим 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда кабыл алынган. Ага ылайык, жыл бою Ош шаарында түрк тилдүү элдердин башын бириктирген маданий иш-чаралар өтмөкчү. Жалпы 25тей иш-чара бекилген. Мунун 23-эл аралык маанидеги долбоор.

"Менин байыркы Ош шаарына алгачкы жолу келишим. Калаа абдан кооз экен. Эргүү менен кагаз бетине түшүрүп жатам. Иш-чарага катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Анткени, дал ушундай маданий саамалыктар түрк атанын балдарынын башын дагы бир ирет бириктирип, бири-бирибизге болгон боордоштук мамилени бекемдейт,- деп билдирди якутиялык сүрөтчү Семён Муканси.