Жаңылыктар
Жеңил насыя берген банктар көбөйөт
Экономика
Жеңил насыя берген банктар көбөйөт

 Эмки жумадан тарта кыргыз-орус өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести төмөн пайыздагы насыялар менен каржылап баштайт. 

Каражат доллар түрүндө жылдык 5 пайыз үстөгү менен берилет. Мындай келишим фонддун кеңешинин 11-апрелде Москва шаарында өткөн жыйынында жетишилди. Анда кыргыз тарап - Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча өз сунуштары менен чыкты. 

Ага ылайык, насыя бериле турган долбоорлордун тармагын кеңейтүү менен бирге каражат берген банктардын санын көбөйтүү дагы сунушталды. Натыйжада, чакан жана орто бизнести эмки жумадан баштап негизги үч банктан тышкары, дагы 7-8 коммерциялык банк доллар түрүндө жылдык 5 пайыздык үстөгү менен каржыламай болду. 

“Бүгүнкү күндө фонд доллар менен 32 миллион долларга жакын, ал эми сом менен 2 миллиард 250 миллион сом берилди. Түз ири чоң долбоорлор фонд аркылуу 37 миллион долларга жакын каржыланып жатат. Жылдын аягына чейин чоң долбоорлорду каржылоо көлөмүн биз 100-150 млн. долларга чейин жеткирели деген пландар бар. Чакан жана орто бизнести доллар менен 70 млн. доллар, сом менен 1 жарым млрд. сом беребиз” - деп ырастоодо Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Эркин Асрандиев. 

Белгилей кетсек, фонддун каражатынын эсебинен берилип жаткан насыялар сөзсүз түрдө техника жана жабдыктарды гана сатып алууга жумшалышы зарыл. Тагыраагы каражат приоритеттүү экономикалык багыттарга жумшалышы керек. Маселен, айыл-чарба сектору, андагы продукцияларды кайра иштетүү, өндүрүш тармагы жана туризм инфраструктурасы сыяктуу долбоорлорго насыя алса болот.