Жаңылыктар
9 жылдан бери чек араны көздүн карегиндей сактаган үй-бүлө
Чек ара
9 жылдан бери чек араны көздүн карегиндей сактаган үй-бүлө

Элдияр Ботобеков 9 жылдан бери жубайы экөө Баткендеги 2022 аскер бөлүгүндө кызматта. Жумуштарындагы негизги милдеттери чек ара коопсуздугун көзөмөлдөп, ата-мекенди коргоо. Кызын жана баласын аскердик шартта тарбиялап, мекенди сүйүүгө үйрөтүшүүдө.
Жубайы Жумагүл Пазылова ушул эле аскер бөлүктүн кадрлар кызматында иштейт. Жолдошунун шартына байланыштуу өз кесибин таштап, 9 жылдан бери чек арачылардын катарында кызмат кылып келет. Ишинде ата мекенди коргогон аскер, жолдошуна дем-күч берген жубай, үйдө мыкты кожейке жана балдарынын сүйүктүү энеси.
 Кичинекей Алинур да ата-энесиндей болуп, мекенди коргоону самайт. Анткени ар бир күнү аскер кийимчендердин арасында өтүп, алардын сапка тизилгендерин, кыймыл аракеттерин көрүп суктанып өсүүдө.
Баткен облусунун аймагында чек ара кызматы 1999-жылы эл аралык террордук топ кол салгандан кийин уюштурулган. Ошол мезгилден тартып чек араларды кайтарууга жана аскерлерге шарт түзүүгө мамлекет тарабынан көңүл бурула баштаган. 20 жылдан бери 2022 аскер бөлүгү Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек арасын кайтарып келет.