Жаңылыктар
Мекенди коргоо - бул ыйык милдет
Чек ара
Мекенди коргоо - бул ыйык милдет

Мамлекеттик чек ара кызматынын түптөлгөнүнө бүгүн 20 толду. Ал эми 29-майда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгы белгиленмекчи. Бул күндөргө арналган салтанаттуу иш-чара борбор калаада өтүп, ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. 

 Өлкө башчысы жалпы мекен сакчыларын кесиптик майрамы менен куттуктап, алар мамлекеттин бейпил жашоосуна жана чек аранын бекем болушуна чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Майрамдын урматына бир катар аскер кызматкерлери президенттин энчилүү сааты менен сыйланышты.

 Жалпы аскер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Мамлекеттик чек ара кызматы 20 жылда татаал жана татыктуу жолду басып өткөнүн, чек арачылар баатырдык барактарга толгон, өзүнүн сыймыктуу тарыхын жаратты деп белгиледи.
Мекен алдындагы өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, баатырларча курман болгон 39 чек арачынын ысымы эскерилди. Президент аскер кызматкерлерине кайрылып, Мекен алдындагы ыйык парзды татыктуу аткарып, элдин тынч жашоосуна жана чек арабыздын бекемдигине зор салым кошуп жатканын белгиледи.
 Акыркы жылдары аскердик башкаруу системасындагы реформалар- бир катар оң натыйжаларды берди. Армияны заманбап курал жарак менен жабдуу, кесипкөй аскер кызматкерлерин даярдоо жана чек ара бөлүктөрүнүн ортосунда өз аракеттенүү жакшырганы айтылды. Аскерлердин социалдык абалын жакшыртуу да маанилүү маселелердин бири.
Аскер кызматкерлеринин өлкө алдындагы бийик кызматына, мекенчилдигине жана ак ниет, ыйык парз менен аткарып жаткан иштерине бүтүндөй кыргызстандыктар ыраазычылык билдирип, таазим этет.