Жаңылыктар
Жаңы премьердин алгачкы жыйыны
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы премьердин алгачкы жыйыны

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда алгачкы жыйын өткөрдү. Жыйында премьер - өзгөчө көңүлдү өлкө экономикасын Евразиялык экономикалык биримдиктин шарттарына ыңгайлаштыруу боюнча иштерди активдештирүүгө буруп, ЕАЭБ рыногун ыкчам өздөштүрүү зарылдыгын белгиледи. Ага ылайык, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилмекчи. 


Ошондой эле, премьер-министр тишелүү тармактарга айыл чарбасына маани берип, сугат мезгилинде айдоо жерлерди суу менен жетиштүү камсыздаш үчүн ирригациялык тутумдарды толук көзөмөлдөн өткөрүүнү тапшырды.

 Мындан тышкары дыйкандарды, кичи жана орто бизнести насыялоо шарттарын жеңилдетүү зарылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу өкмөт башчы кепилдик фонддорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.