Жаңылыктар
ЕАЭБ: экспорттун көлөмүн артыруу
Экономика
ЕАЭБ: экспорттун көлөмүн артыруу

Быйыл Өкмөттүн экспорттун көлөмүн 2 миллиард долларга чейин көбөйтүү максаты бар. Бул 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү Программасынын негизинде ишке ашат. Анын үстүнө экспорттук дараметти өнүктүрүү Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул максатта фискалдык саясат кайра карылып чыгууда, текшерүүлөрдүн саны азайтылат, экспорттоочуларга ар түрдүү жардам көрсөтүү менен ишкерлерге бирдей шарттар түзүлөт. Кыргызстан үчүн 180 миллион калкы бар ЕАЭБдин рыногу экономиканы чыңдап, экспортту арттырууга чоң мүмкүнчүлүк.