Жаңылыктар
Россияда миңге жакын кыргыз жарандары "кара тизмеден" чыгарылды
Мекендештер
Россияда миңге жакын кыргыз жарандары "кара тизмеден" чыгарылды

Россияда кыргыз жарандарына берилген миграциялык жеңилдетүүлөргө ылайык, миңге жакын жаран "кара тизмеден" чыгарылды. Тизмеден чыгаруу иши 21-марттан апрель айынын аягына чейин жүргүзүлгөн. Тизмеден эмне себептен аз адам чыгарылды?

Апрель айынын аягына чейин Россияда кыргызстандыктар үчүн кезектеги "миграциялык жеңилдиктер" берилди. Миграциялык айрым бир мыйзамдарды бузуп алган жарандар үчүн апрелдин аягына чейин Россиянын аймагынан чыгып, администрациялык жоопкерчиликке тартылбагандай болуп кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан сырткары, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы менен, кыргызстандык эмгек мигранттары өлкөдөн чыкпай эле, аймактык миграциялык бөлүмдөргө кайрылуу жетиштүү экени белгиленген.

Кыргызстандыктар үчүн миграциялык жеңилдиктер 2018-жылдан бери экинчи ирет берилүүдө. Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө белгилегендей, мындай жеңилдиктер – “Россиянын Кыргызстанга болгон өзгөчө мамилесинен кабар берет”. Алгачкы миграциялык жеңилдиктер менен 5 жарым миң кыргыз жараны колдонуп "кара тизмеден" чыгышса, 100 миңден ашыгы мыйзамдаштырылган. Экинчи ирет миңге жакын жаран бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланды. Толук саны дагы такталууда. Анткени өлкөдөн чыгып, кайра киргени кошо саналат. Бүгүнкү күндө 65 миң кыргызстандык "кара тизмеде".

Салмоорбек Москва шаарында курулушта иштеп жүргөнүнө бир жылдан ашкан. Ал дагы мигранттарга берилген жеңилдиктер менен пайдалангандардын бири. Каттоо баракчасынын мөөнөтү өтүп кетип, "кара тизмеге" кирип калган. Ал жардам сурап, Кыргызстандын Россиядагы миграциялык кызматынын өкүлчүлүгүнө кайрылып, ага кимге кантип кайрылуу боюнча түшүндүрмө берилген. Эми ал каттоо мөөнөтүн аяктатпай, узартып алуу керек экенин жакшы билип калды.

Москва. Добрынин метросу. Бул жерден өтүп баратканда сөзсүз бир мекендешиңди кезиктиресин. Алар так ушул жерде авиабилеттерди сатып иштейт. Кыргызстандын элчисинин айтымында, эмгек мигранттарын "кара тизмеден" чыгаруу иштери улантылат. Бүгүнкү күндө Россияда эмгектенгендердин саны расмий маалымат боюнча 650 миңден ашат. Алар мурдагыдай патент сатып алып убара болбой, жашаган жери боюнча каттоого туруп, атайын эмгек келишимдин негизинде, өлкө мыйзамдарын бузбай иштеш керек. 

Эске сала кетсек, "кара тизмеден" миграциялык эрежени одоно бузбагандар гана чыгарылат. Издөөдө жүргөн кыргызстандык мигранттар бул мүмкүнчүлүктөр менен пайдалана албайт.