Ташкентте салык жана каржылык айып пулдар боюнча мамлекетке 219 миллиард сум же 26 миллион доллар бересеси бар 1815 жеке ишкердин карызы кечилди. Маалыматка караганда, бул ишкерлер карыздары менен айып пулдарын төлөй албай калгандыктан, бизнестерин токтотууга аргасыз болушкан.
Өлкөнүн Салык кызматы салык боюнча бересеси бар ишкерлерди 1-июлга чейин белгиленген тартипте карыздарынан кутулуп, ишмердүүлүгүн калыбына келтирүүгө чакырды.