Жаңылыктар
Президент ишкердик субъекттердин укуктарын күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду
Экономика
Президент ишкердик субъекттердин укуктарын күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду

 Президент Алмазбек Атамбаев “Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

Мыйзам Кыргыз Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Бул мыйзам 2007-жылы 25-майдагы мыйзамына бир катар оңдоолорду камтуу менен, ишкердик субъекттердин укуктарын коргоону күчөтүүгө, текшерүүлөр учурунда боло турган коррупциялык механизмдерди жоюуга, аракеттеги Мыйзамдын ченемдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө багытталган. Мыйзам расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.