Жаңылыктар
Жогорку Кеӊеште жаӊы депутат Айнура Аскарова ант берди
Саясат
Жогорку Кеӊеште жаӊы депутат Айнура Аскарова ант берди

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Айнура Аскарова ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. 

Ал жакында Улуттук Энергохолдинг компаниянын башчылыгына дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Айтмамат Назаровдун ордуна келди. 

Айнура Аскарова буга чейин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын катчылыгын жетектеп келген.