Жаңылыктар
Зеленский Cаакашвилиге Украинанын жарандыгын кайтарып берди
Дүйнө
Зеленский Cаакашвилиге Украинанын жарандыгын кайтарып берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге Украинанын жарандыгын кайтарып берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары  жазып чыгышты. 

Буга чейин Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили президентке жарандыгын кайтарып берүү боюнча кат жазган. Мындан улам президент жарандыгын кайтаруу боюнча буйрукка кол койгон. Ал эми экс-президент Саакашвили Зеленскийге ыраазычылыгын билдирип, өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү жазган.