Жаңылыктар
Бишкекте калк арасында тест аркылуу ВИЧ илдетине текшерүү жүрүүдө
Ден соолук
Бишкекте калк арасында тест аркылуу ВИЧ илдетине текшерүү жүрүүдө

Бишкекте калк арасында ВИЧ илдетине тез текшерүүчү тест киргизилип, аныктоо иштери жүрүүдө. Буга 4 күн мурда шаардын ири базарларынан аныкталган окуя себеп болду.

300 адамдын ичинен 5 адам ВИЧ инфекциясына кабылганы аныкталган. Бул 2 пайызды түзүп жаткандыктан толук кандуу эпидемия тууралуу сөз кыла берсе болот, - дешет адистер. Оорулуулар жөнөкөй жарандардын арасынан табылганы эң кейиштүү. Ушул жылдын 1-май күнү алынган маалыматка караганда, Кыргызстанда ВИЧке кабылгандардын саны 9 миң 800 адам. Алардын 658и кичинекей балдар. Дарыгерлер ата-энелер жоопкерчиликтүү болуп, балдары төрөлө электе алдын-ала текшерилип туруу зарылдыгын айтышат.

"Бул ооруга кабылгандар жакшылап дарыланса айыгып кетет. Азыр бардык шарттар түзүлүүдө. Учурда эч кимдин көзөмөлүсүз өзүн-өзү текшерүүчү тесттер ишке кирүүдө. Канды текшерүүнүн да мөөнөтү азайып 1-2 жумада жыйынтыгы даяр болууда.
Баарыбыздын максатыбыз алдыдагы 11 жыл ичинде ВИЧтин деңгээлин нөл пайызга түшүрүү",
- дейт Саламаттык сактоо министрлигинин коомдун саламаттыгы боюнча башкармалыгынын башкы адиси Шарипа Суваналиева.