Жаңылыктар
Жапонияда кайрадан жер силкинди, жабыркагандардын саны өсүүдө
Дүйнө
Жапонияда кайрадан жер силкинди, жабыркагандардын саны өсүүдө

 Бүгүн Жапонияда таңга маал эки жолу жер силкинүү катталды. Алгачкы силкинүүнүн күчү 7,1 балл болсо экинчи жолкусунда 7,4 баллды түздү. 

Зилзаладан жабыркагандардын саны 760 жетти, 13 адам мерт кетти. Силкинүүлөрдүн кайталанышы мүмкүн экендигин сейсмологдор айтууда. 

Аталган аймакта электр тогун берүү үзгүлтүккө учураганы кабарланды. 

Жер титирөөнүн очогу Кумамото шаарына жакын жерде болду. Эскерте кетсек 14-апрель күнү Жапониянын түштүгүндөгү Кюсю аралында жер силкинип, күчү 6,4 баллды түзгөн зилзаладан тогуз адам набыт болуп, миңден ашуун киши жаракат алган.