Кытайдагы суу ташкынынан жети киши каза болду. Дайынсыз болгондор дагы бар. Гуанси-Чжуан районунда 4 күндөн бери нөшөрлүу жамгыр жаап жаткандыгын «МИР 24» жазды.
Жергиликтүү бийлик кооптуу аймактан 9 миңге чукул тургунду чыгарды. Аймакта 4 күн катары менен тынбай төккөн нөшөр селдин келип чыгышын шарттаган.
Учурда 4 миңге чукул жашоочу жардамга муктаж. Табигат кырсыгы 20 миң гектарга чукул айыл-чарба жерин зыянга учуратып, жүздөгөн турак-үйлөрдү жууп кеткен. Бийлик өлкө экономикасы 20 миллион доллар чыгым тарткандыгын айтууда.