Ысык-Көл облусундагы «Каркыра» чек ара бөлүмүнө 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Маалыматка ылайык, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Каркыра» чек ара бөлүмүндөгү чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады.
Бөлүмдүн чарбалык муктаждыктары үчүн 100 миң сомдук сертификат берилди.