Жаңылыктар
Мектеп окуучулары мушташып, бир бала каза болду
Кылмыш
Мектеп окуучулары мушташып, бир бала каза болду

Бишкекте мектеп окуучулары мушташып, бир бала ооруканадан каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Башкармалыктан билдиришкендей, 28-майда болжол менен түнкү саат он эки жыйырмада "102" кызматына 3-балдар ооруканасына жаракат алып, эс-учун жоготкон бала түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кабар түшкөндөн бир күн мурун кечке маал шаардагы мектептердин биринин жанында өспүрүм балдардын арасында мушташ болгон. Жыйынтыгында, 16 жаштагы бала оор жаракат алган. Аны тез жардам кызматы 3-балдар ооруканасына алып келип, дарыгерлер болгон аракетин жумшаганы менен ал эсине келбей каза болгон.

Учурда бул окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.