Жаңылыктар
Керектүү адистиктердин суроо-талап картасы жаңыланды
Билим
Керектүү адистиктердин суроо-талап картасы жаңыланды

Билим берүү жана илим министрлиги  менен   Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан эмгек ресурстарынын суроо-талабын божомолдоо ыкмасынын негизинде 2018-2022-жылдарга карата адистиктердин суроо-талап картасы жаңыланды. 

Ага ылайык, бүгүнкү күнү жогорку суроо-талапка ээ болгон 10 адистикке маалыматтык коопсуздук, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму, тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы, технологиялык машиналар жана жабдуулар, медицина, менеджмент жана маркетинг, агрардык инженерия, курулуш, билим берүү адистиктери кирет. 

Ошону менен бирге кесиптер дүйнөсүндө суроо-талап эң жогору жана кеңири жайылган адистиктер: IТ-адиси, долбоорлоочу инженер, окутуучу, юрист, медик, маркетолог, тейлөө кызматы жана эколог  болуп эсептелет.