Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат коррупциялык зыяндын ордун толтуруу үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 18 миллион 948 миң 496 сом которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы атайын эсепке 1 миллиард 148 миллион 900 миң сом чогулганын айткан.
Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.